Армян аскерлери куралын таштаса, Азербайжан Тоолуу Карабактагы антитеррордук операциясын аяктайт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты.
"Мамлекет башчысы эгер курал-жарак коюлса, антитеррордук иш-чаралар токтотуларын айтты", - деп жазылды Азербайжандын президентинин расмий сайтына.
Алиев Тоолуу Карабахта “жергиликтүү антитеррордук чараларды көрүү” армениялыктардын чагымчылыгын алдын алуу үчүн зарыл экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле аскердик объектилер гана жок кылынат деп убада кылды.
Энтони Блинкен өз кезегинде ок атышууну токтотууга жана Баку менен Карабах чөлкөмүндө жашаган армян калкынын өкүлдөрүнүн диалогун улантууга чакырды.