"Миллиарддарды жеп-ичип отурушат". Депутат губернатор институтун жоюу керектигин айтты

Бүгүн, 20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады.
Жыйында айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү маселеси каралып жаткан. Анда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформа тууралуу суроолорго жооп берди.
Эл өкүлү ага "Губернатор институту жоюлабы?" деп суроо салды. Базарбаев долбоордун концепциясында мындай идея жок экенин айтты.
"Менин оюмча губернатор институту делген облустук администрацияны жоюш керек. Жөн эле жылына бюджеттен миллиарддаган акчаны жеп-ичип отурушат. Ушуну эске алып койсоңуздар", - деди Коргонбай уулу.
Жогорку Кеңеш 20.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан