Бишкектин мэри коомдук транспорттогу жол киренин баасы тууралуу үн катты

Учурда коомдук транспорттордо жол кире баасын көтөрүү сунушу коомдук талкууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

"Президентибиз автобустарды 100 миллион долларга сатып алганда, транспорт ишканалары кирешелүү болушу керек. Биз азыр эң жакшы варианттарды карап жатабыз. Жакынкы арада Бишкек шаардык кеңешинин жыйынына алып чыгып, депутаттар ошол жерден чечим кабыл алат. Жол кире жарандарыбыздын пикирин эске алуу менен талкуудан кийин бекитилет. Менимче, депутаттар да ар кандай ой-пикирлерди айтып, эң оптималдуу вариантты кабыл алышат", - деди мэр.

Учурда муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жол кире 11 сомду түзөт. 20-августтан тарта коомдук транспорт накталай эмес формада, башкача айтканда Тулпар картасы аркылуу иштей баштаган. Ал эми кичи автобустарда болсо жол кире 15 сом.

Эске салсак, 5-сентябрда борбор калаанын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов SUPER.KG порталына бир жүргүнчүнүн наркы 18 сом 70 тыйын -19 сомду түзөрүн, бирок коомдук транспорт 11 сомдон ташып жатканын билдирген. Сазыкулов жол кире жок дегенде өзүнүн чыгымдарын актап калышы керек экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан