Бүгүн, 20-сентябрда Чүйдө бети-башы кескиленип ооруканага түшкөн аялдын учурдагы абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Саат 11:00дө Улуттук госпиталга жалпы дарыгерлик практика борборунан которуу жолу менен бейтап жаткырылган. Диагнозу катары беттин жана моюндун кесилген жаралары бар экени аныкталган. Саат 11:30да оорулуу хирургдардын жана микрохирургдардын катышуусунда операцияга алынып келинди. Учурда операция уланууда дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Министрлик бейтаптын операциядан кийинки абалы тууралуу кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
Эске салсак, буга чейин Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйноого алганы боюнча маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Жабыркаган келин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы да айтылган болчу. Көп өтпөй облустук милициядан шектүүнүн кармалганын билдиришти.