Бүгүн, 20-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.
Дүйнө чемпиондугуна 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда ал перулук Янет Соверо Нино менен кез келип, атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.
1/8 финалда Мээрим Жуманазарова украиналык балбан менен кез келди. Анда Жуманазарова беттеш учурунда колун кайрып алды. Дарыгердин жардамын алган соң Мээрим Жуманазарова беттешти улантып, 5:2 эсебинде жеңишке жетти.
Калыс Мээрим Жуманазарованын колун көтөрөрдө Жуманазарова сол колун берди.
1/4 финалда Мээрим Жуманазарова күчтүү делген япониялык балбан менен кез келет.