"Эмоционалдык жактан манипуляция жасап...". Нурсултан Майназаров Гүлзат Мамытбектин билдирүүсү боюнча үн катты

Нурсултан Майназаров Гүлзат Мамытбектин билдирүүсү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

"Урматтуу достор, окуяны өзүм тараптан тактап кетейин. Анын катышуусундагы окуя болжол менен саат 14:00 чамасында болгон. Мен бул убакытта ал жерде болгон эмесмин. Мен башка иш-чарада болчумун жана ал жерге 16:00дө келгем. Гүлзат Мамытбек мен ал жерде болбогонума карабастан, эмоционалдык жактан манипуляция кылуу аркылуу өзүнүн аудиториясын мага каршы коюп жатат. Сөз жок",- деп жазды Майназаров.

Эске салсак, блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, иш-чарада сүйлөп жатканда уюштуруучулар анын микрофонун өчүрүп салышканын айтып, көзүнө жаш алган. Анда ал уюштуруучу катары алып баруучулар Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровду күнөөлөгөн.

Бүгүн, окуя боюнча Санжар Мыкыев да кайрылуу жасап, ал Гүлзат Мамытбекке унчукпай чыдап келгенин, бирок ал калп айтканда аргасыз кайрылуу жасап жатканын билдирген. Өз сөзүндө Мыкыев Гүлзат Мамытбекти сотко бере тургандыгын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Men_ele
2023-09-20 19:50:00
Кыргыз эмес эле башка улуттагы адам жазгандай го? "Мамытбектин билдирүү боюнча пикирин билдирди", "мен ал жерде болбогонуна карабастан", "ал жерде 16:00дө келгем". Сөз жок кыскасы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан