Өлкө башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгынын имаратында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун алдында Садыр Жапаров БУУнун ардактуу коноктор китебине уюмга жакшы каалоо-тилектери менен жазуу калтырды.
Антониу Гутерриш мамлекет башчысы менен учурашып жатып, Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин, анткени ал өлкөгө бир нече жолу баргандыгын белгиледи. Ал Садыр Жапаровдун БУУнун башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн келгенине кубанычта болду.
Баш катчы Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелери боюнча жакшы иштерди жүргүзүп жатканын баса белгилеп, бул багытта биргелешкен иштерди улантууга даяр экенин белгиледи.
Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелери үчүн ыраазычылык билдирип, бул көйгөйдүн маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле БУУ Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Президент Жапаров Кыргызстан БУУнун баш катчысынын жеке көңүл буруусун жогору бааларын белгилеп, өлкөгө көрсөткөн көмөгү үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө - Кыргызстандын келечекке болгон көз карашынын негизги элементи экенин белгиледи.
"Ал жаңы геосаясий шартта Борбор Азиянын ролу жана мааниси эселеп күчөп жатканына басым жасады. Андыктан аймактагы өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөө ― Кыргызстан үчүн эң жогорку артыкчылыкка ээ. Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюу жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аймактык талаштарды чечүүдө жана тынчтык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Президент Кыргызстанда 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын билдирди. Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүк жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча Кыргызстандын активдүү иштерин дагы бир жолу белгиледи.
Ошону менен бирге президент Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу боюнча демилгелерди колдоорун, ошондой эле эл аралык коомчулукту тышкы карызды "жашыл" демилгелер менен алмаштырууга чакырарын айтты.
Жыйынтыгында тараптар тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерди мындан ары да колдоого даяр экендиктерин ырасташты.