Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен видеоконференция байланыш аркылуу административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү, ошондой эле республикалык масштабдагы маанилүү иш-чараларды уюштуруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров ар бир айыл аймакта жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөр бар экенин белгилеп, аларды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керектигин айтты. Ал президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир жуманын ичинде чечилиши жылдап созулуп, улам кийинкиге калтырылган көйгөйлөрдүн тизмесин берүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары өкмөт башчы тендерлердин ачык өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, облус жетекчилерине бир катар милдеттерди койду. Ошондой эле Акылбек Жапаров 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине 100 пайыз даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүүдө тиешелүү жетекчилердин жеке жоопкерчилигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан