Өлкө башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башкаруучу-директору Кристалина Георгиева менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда ЭВФ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле глобалдык экономикалык кырдаалды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан ЭВФ менен кызматташууга зор маани берерин, ал структуралык реформаларды алга жылдырууга жана жалпысынан өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө ар дайым колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
Баарлашуунун жүрүшүндө президент Кыргызстандын энергетика секторуна өзгөчө көңүл буруп, жакынкы 5 жылда кубаттуулукту кыйла жогорулатуу жана жаңы ГЭСтерди куруу менен негизги генерациялоочу кубаттуулуктарды реконструкциялоо боюнча масштабдуу долбоорлордун бүтүндөй программасы ишке ашырыларын белгиледи.
"Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарынын 13 пайызын гана пайдаланарын, ошол эле учурда суу ресурстарына бай өлкө экенин белгиледи. Мамлекет өз күчү жана инвесторлордун жардамы менен жакынкы жылдары өлкө аймагында 50дөн 100гө чейинки чакан ГЭСтерди, анын ичинен жылдын аягына чейин 16сын ишке киргизет", - деп айтылат маалыматта.
Кристалина Георгиева мамлекет башчысы менен жеке жолугушуу жана ЭВФтин Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүнү талкуулоо мүмкүнчүлүгүн канааттануу менен белгиледи. Ал ЭВФтин кыргыз тарап менен кызматташууну мындан ары да күчөтүү ниетин белгилеп, өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын жыйынтыктарына жогору баа берди.
Санариптештирүү чөйрөсүн талкуулоодо ЭВФтин башкаруучу-директору адам жашоосунун бардык тармактарына санариптик технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындан тышкары Кристалина Георгиева Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө көңүл буруп жатканына канааттануусун билдирди.
Жыйынтыгында тараптар ЭВФ менен түзүлгөн келишимдердин алкагында жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана социалдык реформалардын комплекстүү программасын ишке ашырууга багытталган натыйжалуу кызматташууну күчөтүү жөнүндө макулдашты.