Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн селден кийин Чолпон-Атаны калыбына келтирүүгө жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-сентябрдагы парламенттин жыйынында айтты.
"Кечээ мына Чолпон-Атада сел болду. Бизге ошол боюнча маалыматты беришсе да. Сел жыл сайын болот анан эмне себептен аракеттер жакшы болбой жатат. Анан атайын эсеп санын ачыш керек. Чолпон-Атада бир топ байлар, аор, положенецтер бар да, эсеп ачып жардам беришибиз керек", - деди Бекешев.