Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки кылмышкер 10 жаштагы баланы зордуктап кетишти. Бул тууралуу "Московский комсомолец" басылмасы жазды.
Баланын апасынын айтымында, кылмыш 13-сентябрь күнү кечинде Санкт-Петербургдун Ленин проспектисиндеги батирлердин биринде болгон. Анда эки адам 10 жаштагы баланы бычак менен коркутуп, ага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасашкан.
Бул кылмышка шектүү катары Тажикстандын 30 жаштагы жараны кармалды. Азыр полиция кызматы кошумча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.