Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев сүйлөп жатканда абалы начарлап, сөзүн токтотууга аргасыз болду.
Депутаттын консультанты Гүлбарчын Медетбекова ошол учурда анын жүрөгү ооруп, абалы начарлап кеткенин билдирди.
"Сеид Алмазбекович өзүн жаман сезип жатканын көргөндө мен дарыларын алып барып бердим. Андан кийин жыйындан чыгып үйүнө кетти. Абалы начарлаганына байланыштуу сөзүн аягына чыгара албай калды", - деди ал.
Ошондой эле ал депутаттын жүрөк оорусу бар экенин кошумчалады.