Америкалык ишкер Илон Масктын Neuralink компаниясы нейрочибин адамдарга сыноо үчүн ыктыярчыларды издеп жатканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Компания адамдын мээсин компьютерге байланыштырып, шал оорусунан жапа чеккен адамдарды өзүнүн жаңы технологияларын сынап көрүүгө чакырат.
Окумуштуулардын айтымында, мээге орнотулган имплант өзүнүн нерв импульстарын өткөрүп бере алат. Ал эми шал оорусуна кабылган адам жөн гана ой күчү менен компьютерде жаза алат.
Май айында, бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин, Neuralink адамдарда клиникалык сыноолорду өткөрүүгө АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан (FDA) уруксат алган.
Компания алгач 10 ыктыярчыга импланттарды орнотууга уруксат сураган, бирок азырынча канча адамга сыноо жүргүзүүгө уруксат берилгени айтыла элек.
Компаниянын билдирүүсүндө айтылгандай, микрочип орнотулгандан бейтап алты жыл бою көзөмөлгө алынат. Эгер сыноо ийгиликтүү болсо, анда ал бардыгына колдонууга берилет.