Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында АКШнын президенти менен жубайынын атынан кабыл алууга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, салттуу кабыл алуу расмий иш-чаралардан кийин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышкан мамлекет башчыларынын урматына өттү.
Эске салсак, президент Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу үчүн АКШга барган. Ал 19-сентябрда сессияда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөр, климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугу жана чөлкөмдөгү коопсуздук маселесин козгогон.
Ошол эле күнү С5+1 деп аталган АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу боюнча саммитке да катышкан. Мындан сырткары бир катар жолугушууларды өткөргөн.