Криштиану Роналду анын портретин буту менен тарткан ирандык сүрөтчү менен жолугушту (видео)

"Аль-Наср" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Иранда буту менен футболчунун портреттерин тарткан белгилүү сүрөтчү Фатима менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ирандык аял футболчуга эки баалуу белек даярдаган. Ал Роналдуга футболчуну буту менен тарткан портреттерин берген.

Сүрөтчү шал оорусу менен ооруйт, анын денесинин 85 пайызы кыймылдабай калган. Бирок бул анын укмуштуудай талантын өрчүтүшүнө жана суктанууну туудурган көркөм чыгармаларды жаратуусуна тоскоол болгон эмес.

Криштиану Роналду Ирандын борборуна Азия чемпиондор лигасынын алкагында "Персеполис" командасы менен беттешүү үчүн барган. Ал сүрөтчү кандай гана тоскоолдуктарды жеңип, элди жетишкендиктери менен шыктандырарын көрүп кубанды.

Роналду анын портретин буту менен тарткан ирандык сүрөтчү менен жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан