Жогорку Кеңеште кечээ, 21-сентябрда абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, убактылуу комиссия түзүлгөндөн бери өлкөдөгү бир катар жабык жайларды кыдырып чыгышкан. Анын негизинде жалпы 30дан ашык кайрылуулар жана өтүнүч каттар келип түшкөн.
Эске салсак, 14-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча сот, прокурор жана тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Жумушчу топтун курамында дасыккан юристтер, мурда органдарда иштеп кеткен көз карандысыз жактоочулар да бар.