Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунан кийин өзүнүн салмак категориясында биринчи орунга көтөрүлдү.
Кыргыз балбан кызы жалпы 111 миң 75 упайы менен биринчиге жайгашты. Экинчи орунга америкалык Кайл Миракл 75 миң 100 упайы менен жайгашса, үчүнчүнү 68 миң 513 упайы менен болгариялык Биляна Дудова ээледи.
Кечээ, 21-сентябрда Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утуп, "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.