Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.
Финалда Тыныбекова япониялык балбан менен кез келип, кыл чайнашкан беттештин аркасында атаандашын 4:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болду.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.
Беттештен кийин машыктыруучу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп алып килемди айланып чуркады.