Тажикстандын жараны Рахматулло Наврузов Ирандын Шираз шаарындагы кол салуу боюнча айыпталып, өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу Mizan басылмасы жазып чыкты.
Мустафа Ислам-яр деген ысым менен белгилүү болгон Наврузов 13-августта Шираздагы Шах-Черах күмбөз-мечитине кол салууга шектелгендердин бири. Соттун жүрүшүндө ал "Ирак жана Левант ислам мамлекети" (Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм) террордук тобу менен кызматташканын тастыктаган.
Шах-Черах мечитине кол салууга айыпталгандар. Рахматулло Наврузов сүрөттө сол жагынан биринчи.
Сот Наврузовду мамлекетке каршы кылмыш жасаган жана козголоңго үндөгөн деп тапты. Фарс провинциясынын башкы прокурору Сейед Казем Мусавинин айтымында, тажик жараны бул кылмыштардын ар бири үчүн өлүм жазасына кесилген.
Иш боюнча дагы эки айыпталуучу Ирандын коопсуздугуна шек келтирген деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.
Эске салсак, быйыл 13-августта Шах-Черах күмбөзүнө эки белгисиз жаран кирип келип, алардын бири андагы элге ок чыгарган. Окуядан эки адам каза болуп, жетөө жаракат алган.