Бүгүн, 22-сентябрдан тарта Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдады.
Министрлик өлкөдө буудайдын көлөмү жетиштүү экенин, кооптонууга негиз жоктугун билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов ундун кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, өлкөдө бир кап ун бир заматта миң сомго кымбаттаганын сындаган.
Ал эми Марлен Маматалиев ундун кымбаттаганына өкмөт жетиштүү деңгээлде чара көрбөй жатканын айтып,
нааразы болгон.
Андан соң УКМКнын төрагасы
Камчыбек Ташиев депутаттарга жооп берип, аларды "хайп" кармап жатат деп
айыптаган.
Өлкөдө ушул аптанын башынан бери ун кымбаттап, анын натыйжасында нандын баасы да көтөрүлүп кетти. Соодагерлер Казакстандан ташылып келинген ундун кабы миң сомго кымбаттаганын айтышууда. Ал эми өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди.
SUPER.KG порталы учурда абал кандай экенин соодагерлер менен тургундардын өз оозунан угуп келген. Материалдын шилтемеси
бул жерде.