Ун менен нандын баасы кымбаттады. Соодагерлер менен тургундар буга кандай пикирде?

Өлкөдө ушул аптанын башынан бери ун кымбаттап, анын натыйжасында нандын баасы да көтөрүлүп кетти. Соодагерлер Казакстандан ташылып келинген ундун кабы миң сомго кымбаттаганын айтышууда. Ал эми өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди. Учурда абал кандай экенин соодагерлер менен тургундардын өз оозунан уктук.

Шаар тургуну Асел борбордогу базарлардын биринде жол боюнда нан сатып иштейт. Ал нандын баасы 3-4 күндөн бери эмес, бир жумадан ашык убакыттан бери кымбаттаганын айтат.

"Нандын кымбаттаганына бир жумадан ашты. Болгону жаңылыктардан 3-4 күндөн бери айтып жатасыңар. Эки жума мурун нанды 25 сомдон сатсак, азыр 30 сомдон сатып жатабыз. Ундун баасы кымбаттаса, биз да нандын баасын көтөрөбүз да. Эл кымбаттаса да алып жатат, бирок ушул маселени карап, элдин камын ойлоп койсо жакшы болот эле", - деди ал.

Асел нанды базардын жанында жайгашкан жол жээгинде сатканы үчүн наны адаттагыдай эле өтүп жатканын айтууда. Бирок базардын ичинде соода кылган Жыпар Асекова нандын баасы кымбаттагандан бери эл нанды базардан жакшы албай жатканын айтат.

"Мен нанды 27 сомдон сатып жатам. Базардын ичинде сатканым үчүн эл көп албай, нан өтпөй жатат. Бизге да ун кымбаттаганы үчүн нан кымбат келип жатат да. Айрымдары дүкөндөрдө нан арзаныраак экен дешүүдө. Бизге мурдагыдай арзаныраак болгону жакшы эле", -дейт Асекова.

Асекованын айтымында нан жасоо үчүн Кыргызстандын уну жарабайт, Казакстандын гана унунан жасалат. Ал эми казакстандык ундар бир жума ичинде 1000 сомго кымбаттап кеткен.

Гүлмайрам Жумабаева бүгүн базарга ун сатып алуу үчүн келген. Ал кээде кабы менен алса, айрым учурда килограммдап сатып алат. Пенсионер экенин айткан Жумабаева ундун кымбаттаганына нааразы болгондордун бири. Анын айтымында, мурда казак унунун килограммын 45 сомдон сатып алса, азыр 60 сомго көтөрүлгөн.

"Базардын баарын кыдырып чыктым. 60 сомдон төмөн сатканы жок болуп жатат. Эми ун кымбаттап жатса, калган азыктар да кымбаттап кетпейби деп коркот экенсиң. Жадагалса айрымдары мен сураган унду жок деп жатышат. Эми абалыбыз кандай болот, билбейм", - деди Жумабаева.

Ун саткандардын маалыматына караганда, ун эки жума мурун 1 700 сомдон келсе, азыр 2 700 сомдон алып келинүүдө. Казакстандыктар эмнеге бир жума ичинде ундун баасын жогорулатып салганына алар дагы таң калууда.

"Бизге ун эки жума мурун 1 700 сомдон келсе, азыр 2 700 сомдон келүүдө. Биз ар бир капка 300 сом кошуп сатып жатабыз. Эмнеге ун кымбаттаганын казак тарап деле айтпай жатат. "Алсаңар алгыла, баасы көтөрүлдү" деп жатышат алар. Айла жок алабыз да. Айрым казакстандык сатуучулар ундун кымбаттаганын быйыл суу аз болуп, түшүм жакшы болбогону менен түшүндүрүшүүдө. Эми минтип канча убакытка чейин кымбат сатыла турганын биз дагы билбей жататбыз", -деди он жылдан бери ун сатып иштеп келе жаткан Ташболот Мырзабаев.

Мырзабаев ушул абалды кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр туура пайдаланып калса болмок деген пикирде. Унду арзан баада чыгарып, көп сатып калышса деп ойлойт. Ошентсе да соодагер ун кымбаттаганы менен ажиотаж болбогонун билдирди.

Казакстандан өлкөгө "Дилназ", "Сары Арка", "Эталон" жана "Алтын Астыктын" ундары келет. Ундун кымбатташы нандын эле эмес, казакстандык ун азыктарынын баасына да таасирин тийгизеби деген суроо жаралат. Себеби коңшу өлкөнүн ун азыктары алдыңкы текчеде турган товарлардын катарында. Азырынча соодагерлер казак ун азыктарынын баасы туруктуу экенин айтышууда. Себеби жаңы товар азырынча келе элек. Бирок алардын баасы да ун менен бирге кымбаттап кетпейби деп чоочулап жатканын соодагерлер жашырышкан жок.

Буга чейин парламентте да бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Ал эми ундун кымбатташына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев казакстандык ишкерлер Кыргызстанга ун азыктарын жөнөтпөй жатканы менен түшүндүргөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Көп өтпөй өкмөт айрым айыл чарба товарларын, анын ичинен буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштаган. Эгер токтом күчүнө кирсе, анда жогорудагы азыктарды экспорттоо алты айга тыюу салынат. Өкмөт мындай долбоорду өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу үчүн жасала турганын билдирген.
Учурда буудайдын баасы базарларда 25 сомдон 30 сомго чейин сатылууда. Дан өнүмдөрүн саткан Турдубек мырза буудайга болгон баа туруктуу экенин айтууда. Бирок ал дагы быйыл Кыргызстанда түшүм жакшы болбогонун айтып, буудайдын баасы алдыда кымбатташы мүмкүн экенин маалымдады.
Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте унду тегирмендин баасында сатуу боюнча жарманкелер уюштурулуп жатканын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкен. Учурда бир нече сатуу түйүндөрүндө ун арзан баады сатылууда.
Ал эми Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Анарбеков Кыргызстанда ундун көлөмү жетиштүү экенин айтып, кооптонууга негиз жоктугун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Spb
2023-09-22 09:53:00
Эми жазда казака суу бербей ит кылгыла бизге да детишсиз суу деп алсан ал албасан жок деп кымбаттаып салгыла оздоруно жараша мамиле кылып то границасын жабат то унду кынбататтат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан