Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Бүгүн, 22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) экинчи тургуну 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.
Окуя болгон эки тарап тең бир улуттан жана алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес.
Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.