Акылбек Жапаров Казакстанга жумуш сапары менен барды

Бүгүн, 23-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан