Жапаров Казакстанда чек арадан жүк өткөрүү маселесин көтөрдү

Бүгүн, 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, жыйындар Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы астында болду.

Отурумда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды.

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары белгиленип, приоритеттүү тармактар аныкталып жатканын айтып сөзүн баштады.

“Эки мамлекеттин ортосундагы учурдагы ведомстволор аралык, өкмөттөр аралык жана жогорку деңгээлдеги туруктуу диалогду канааттануу менен белгилейм”, - деди ал.

Соода тармагында болсо товар жүгүртүүнүн өсүү темпи көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 миллиард долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,1 пайызга өстүү. Ал эми 2023-жылдын 7 айдын көлөмү 759 миллион доллар түзүп, өткөн жылдын мезгилине салыштырмалуу 13,1 пайызга өстү.

Ошондой эле Акылбек Жапаров эки өлкө келечекте коммуникациянын дүйнөлүк транспорт системасына кошулушу керектигин айтты.

“Карасуу” жана “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пункттары районундагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу маселесин ишке ашыруу ортодогу дараметти жогорку натыйжалуулук менен пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан менен Казакстан тарабынан биргелешкен транспорт коридорлорун пайдалануу эки өлкөгө тең пайда алып келет. Бул контекстте тоскоолдуксуз транзитти камсыздоо, чек арада жүйөсүз кармоолорго жана текшерүүлөргө жол бербөө зарыл”, - деп баса белгиледи Жапаров.

Мындан тышкары суу-энергетикалык кызматташтыктын актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери боюнча алгылыктуу чечимдерди табууга биргеликте шарт түзүлүп жатканына токтолду.

Ал эми Казакстандынпремьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстан менен биргеликте мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетип, болгон милдеттерин иш жүзүндө ишке ашырып, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн бардык макулдашууларды алдыга жылдыруу боюнча максималдуу күч-аракетин жумшаарын билдирди.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-отуруму бир жарым жыл мурда болгон. Бул жолку 11-жыйындын соңунда тараптар отурумдун Протоколуна кол коюп, Кеңештин келээрки жыйынын 2024-жылы Кыргызстандынаймагында өткөрүүнү белгилешти.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын Протоколунда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, транспорт, суу-энергетика, маданият, туризм жана спорт тармагындагы кызматташуу, ошондой эле аймактар аралык кызматташтык жөнүндө маселелери каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан