Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тараз шаарында өткөрүлгөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтыгынын Биринчи форумуна катышты.
Анда Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен биргеликте жаңы диалог аянтчасы болгон Аймактар аралык кызматташтык форумунун пайдубалын түптөп жатканын белгиледи.
“Форум эки тарапка тең пайдалуу жаңы долбоорлор жана демилгелер менен коштолуп, экономикалык, соода жана инвестициялык байланыштарды арттырууга жана диверсификациялоого, биздин өлкөлөрдүн аймактарынын ортосундагы ишкердик, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жаңы түрткү болот деп ишенем. Аймактар аралык кызматташуу ар дайым биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн көңүл борборунда экендигине бардыгын ишендиргим келет. Ошондуктан бул Форумга Кыргызстандын бардык жети облусунун жетекчилери келишти”, - деди Жапаров.
Жапаров ошондой эле аймактар ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өз ара кызыкчылык туудурган жаңы кадамдарды табуу кызыкчылыгында биргелешкен кадамдарды жасоо керектигин кошумчалады.
Минкаб төрагасы бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү жаңы меморандумдар өндүрүштүк-техникалык продукцияларды, сырьелорду, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүк жана жашылча-жемиштерди өз ара жүгүртүүдө жагымдуу шарт түзүлөөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Форумдун алкагында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Актөбө облусунун Акимчилигинин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө меморандум, ошондой эле Ош шаары менен Шымкент шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.
Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын инвесторлоруна жана ишкерлерине Казакстандын аймагында инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи аймактар аралык форумунун алкагында казак-кыргыз ишкерлеринин ортосунда бизнес диалогу дагы болуп өттү. Анын алкагында 60 миллион доллардан ашуун эки тараптуу коммерциялык макулдашууларга жана келишимдерге кол коюлду.