SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында “романтикалуу кесиптин ээлери” тууралуу сүйлөшүүнү туура көрдүк. Эч качан популярдуулугун жоготпой, дайыма актуалдуу кесиптердин катарында турган стюардессалар же стюарддардын жашоосун чагылдырып бергенге аракет жасайбыз.
Борт коштоочу кесиби 1928-жылы Германияда пайда болгон. Анда коопсуздук максатында учкучтарды башка тапшырмалардан бошотуу чечими кабыл алынган. Эки жылдан кийин бул адистик жалаң эркектер үчүн гана болбой калган. Авиаташууларга кыздарды дагы чакыра башташкан. Алардын эркектерге караганда жеңил салмакта болгону дагы ошол кездеги авиация үчүн чоң артыкчылык эле.
Кыргызстанда учакта коштоочуларды эки жерде даярдайт. Биринчиси - 1973-жылдан бери иштеп келаткан авиациялык колледж, экинчиси - атайын курстар. Бул кесиптин оң жана терс тараптары тууралуу убагында чет өлкөдө эл аралык авиакомпанияларда эмгектенген Жанна Мураталиева айтып берет.
- Ким стюардесса боло алат? Кандай талаптар бар?
Чындыгында сюардесса жана стюарддар үчүн атайын талаптар бар. Бул кесипте жаш өзгөчөлүк маанилүү. Мисалы, 21 жаштан 35 жашка чейинки жаштар бул тармакка келе алышат. Бою 160 сантиметрден баштап, андан өйдө болушу керек. Анткени 212 сантиметрлик бийиктикке буттун учу менен жете билүү шарт. Анткени өрт өчүрүүчү куралдар, аптечка ошол бийиктикте жайгашкан. Бул экстремалдуу учурда керек болот. Ошол эле учурда бою менен салмагы бири-бирине дал келиши керек. Мындан сырткары сырткы келбетине да маани беришет. Борт коштоочу болуш үчүн дененин ачык бөлүгүндө татуировка, тырыктын издери болбошу шарт. Ошол кезде чет тилдерин билүү да маанилүү. Англис жана башка чет тилдерин билгендер эл аралык компанияларга оңой жумушка орношо алат. Анан албетте, дагы бир маанилүү жагдай - саламаттыгы бекем болушу керек. Жумушка орношуу үчүн диплом же мектептин аттестаты керектелет. Эгерде диплому жок болсо, анда аттестат менен деле жумушка орношо алат. Эл аралык компанияларда иштөө үчүн авиация жаатындагы билимдин болушу шарт эмес. Анткени, алар кызматкерлерди тандап алгандан кийин, өздөрү акысыз атайын окутуудан өткөрүшөт. Дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе, компаниялар борт коштоочуларга 80 пайыз кыздарды, ал эми 20 пайыз мырзаларды алышат.
- Көрүнүктүү эл аралык компанияларда эмгектенген Кыргыз кыздарынын саны арбын экенин билебиз. Бул нерсе аталган тармакта биздикилер мыкты экенинен кабар берет болуш керек?
- Туура айтасыз. Чындыгында чет өлкөдө эмгектенген кыздарыбыз абдан көп. Алар престиждүү жана белгилүү компанияларда иштешет. Бул биз үчүн чоң сыймык жана жетишкендик. Алар жумушунда жогорку жетишкендиктерди көрсөткөнү үчүн, көптөгөн компаниялар кызматкерлерин биздин өлкөдөн тандашат.
- А сиз өзүңүз кантип эл аралык компанияда иштеп калдыңыз? Тажрыйбаңыз менен бөлүшүп кетсеңиз?
- Университетти аяктап жаткан кезде эл аралык компанияга резюмени онлайн жибергем. 300 стюардессанын арасынан 10 кызды тандап алышкан. Алардын катарында мен да болгом. Тандоого келгенде аябай толкундангам. Анткени ошончо сулуу, татынакай кыздарды көргөндө өтпөйм го деп ойлогом. Бирок алардын койгон талаптарына туура келгеним үчүн мени да тандап алышкан. Ошентип Аравиянын компанияларынын бирине тандоодон өтүп, алар атайын окутуудан өткөргөндөн кийин стюардесса болуп иштеп баштадым. Жумушка орношкондон кийин компания жашоо үчүн акысыз турак-жай жана транспорт менен камсыздап берген. Ошол эле учурда жакшы суммадагы акча иштеп алганы шарт түзүлгөн. Эл аралык компанияда эмгектенүү менен дүйнө кыдырууга үлгүрдүм. Бул кесиптин кызыктуулугу албетте дүйнө таанымыңды өстүргөнү. Эл менен жакындан иштешип психолог да болуп каласың (жылмайып). Учакта ар кандай адамдар болот, бири жаңы өлкөгө баратам деп кубанычы коюнуна батпай баратса, бири жакынынан айрылып кайгы менен, бири учкандан коркуп бараткан болот. Бири ооруп жаткан болот, кан басымы көтөрүлөт, анын баарына түшүнүү менен мамиле кылып жардам беребиз. Борт коштоочу – бул кызыктуу, көп маяналуу жумушу бар универсалдуу адам деп айтсам болот. Бул жумушка бат эле жинденип кеткен адамдар жарабайт. Себеби чукул кырдаал болуп кетсе дүрбөлөңгө алдырбай чара көрө билүү керек. Ал эми учурда борт коштоочу болом дегендерге жол көрсөтүп, тажрыйбам менен бөлүшүп, алардын эл аралык компанияларга жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүп келем.
- Стюардесса десе оңой жумушту элестетишет. Бирок башка кесиптердей эле бул кесиптин да оор жактары болсо керек?
- Жакшы жагы катары көп саякаттоо жана көп акча табууна айтсам, терс жактары катары ден соолукка зыянын айтат элем. Анткени дайыма учуп жүрүү ден соолукка сөзсүз таасирин тийгизет. Дагы бир мага жакпаган тарабы бул эл аралык авиакомпанияда иштесең, анда жакындарыңдан, мекениңден алыста болосуң. Алыста жүргөндө Кыргызстанга болгон сагынычың күчөп, кусага батасың.
- Борт коштоочу болом дегендерге кандай кеп-кеңештерди берет элеңиз?
- Биринчи кезекте англис тилин үйрөнгүлө деп айтмакмын. Мындан сырткары, кошумча немец, француз, түрк тилдерин үйрөнүп койсо ашыкча болбойт. Тескерисинче андай талапкерлерге артыкчылык берилет. Борт коштоочу чындыгында сыймыктуу жана кызыктуу кесип. Эгер бул тармакка кызыккандар болсо, коркпой кыялын көздөй барууга чакырам. Анткени аны укмуштуудай эмоциялар, көптөгөн өлкөлөр күтүп турат.