БШК Кубанычбек Самаковду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады

Бүгүн, 24-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кубанычбек Самаковду Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.

20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрда өткөн Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарган.

Шайлоого жалпысынан 24 талапкер катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ленин районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгын өттү деп табышты. Талапкерлердин арасынан Кубанычбек Самаков эң көп добуш алган. Ага шайлоочулардын 5279 добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан