Электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Анда Бишкек шаарында болжол менен 30 миңдей самокат бар экени, алардын саны күн сайын өсүп жатканы жазылган. Мындан улам жеке мобилдүүлүк каражаттарынын катышуусундагы жол кырсыктарынын жана жаракат алгандардын саны өсүп жатканы белгиленген.
Демилгенин максаты электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
Электр самокатын айдагандар үчүн сунушталган эреже:
- атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал жок болгон учурда бараткан багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;
- караңгыда жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же көрүүгө мүмкүн болбой калуучу башка шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн аларды жарык чагылдыруучу предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;
- ижарага берип иштегендер ижарачыларга жол эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, самокатын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;
- эгер самокаттын техникалык абалынын начардыгы жол кырсыгына себеп болсо, анда жоопкерчилик менчик ээлерине жүктөлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары электросамокаттарды ижарага берүү пункттарын жайгаштыруу үчүн берилүүчү жерлерди өз алдынча аныкташат жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттер тиешелүү уруксат алган шартта атайын бөлүнгөн жерлерде жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле бийлик учурдагы жолдордон, анын ичинде жаңы жолдорду долбоорлоодо, курууда жана оңдоодо электросамокаттар үчүн атайын тилке бөлүп берүүгө милдеттендирилет.

Буга чейин Маматалиев өлкөдө электр самокаттарынын кыймылын жөнгө сала турган мыйзам долбоору ИИМ менен биргеликте даярдалып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан