Кытайда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ханчжоу шаарына (Кытай Эл Республикасы) жумуш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азия оюндарынын алкагында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дук Су менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ага ылайык, тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, анын ичинде жакында эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Нью-Йоркто (Америка Кошмо Штаттары) өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кароону талкуулашты.
“Түштүк Корея биздин өлкөнүн Азия-Тынч океан аймагындагы приоритеттүү өнөктөшү болуп саналат жана биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди жогору баалайбыз, ошондой эле биздин кызматташуубуз келечекте дагы бекемделишине ишенебиз”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.
Жыйынтыгында мамлекеттер аралык байланыштарды жана эки тарапты кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүнүн кийинки кадамдары белгиленди.