"Ош базары" менен эки автобекет кайда көчүрүлөрү белгилүү болду

Бишкек мэриясы "Ош базары" менен Батыш автобекетин көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.
Анын айтымында, эки объект тең Пригородное айылынын тышына чыгаруу пландалууда (Достук кичи районунун маңдайы).
Ошондой эле ал иш 2024-жылы башталарын, учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жаткандыгын кошумчалады.
Ал эми Чыгыш автобекети Алматы менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлөт (түндүк-чыгыш бөлүгү).
Эске салсак, буга чейин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ош базары", Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын тышына чыгарыла турганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан