Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын Баатыры наамын алды. Ага «Altyn Ay» алтын төш белгиси тапшырылганын аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Парламенттин токтомунда Бердымухамедовго Түркмөнстандын Баатыры наамы өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоого, туруктуу жана өзгөрүлбөс бейтараптуулук принциптерин карманууга, Түркмөнстандын эл аралык аброюн жогорулатууга, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана чет мамлекеттер менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыйгарылганы айтылат.
Президенттин атасы Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн элине кайрылууга жана мамлекеттик, ички жана тышкы саясаттын маанилүү маселелери, социалдык-экономикалык өнүгүү программалары боюнча парламенттик жыйындарда сөз сүйлөөгө туруктуу укукка ээ.