Тажикстанда электр энергиясы массалык түрдө өчүрүлүүдө

Тажикстанда электр энергиясы массалык түрдө өчүрүлө баштады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Тажикстандын айыл аймактарында күндүз, кээ бир жерлерде түнкүсүн электр жарыгы өчүрүлө баштаган.

Турсунзаде шаарындагы айрым айылдарда үч күндөн бери күндүз да, түнкүсүн да жарык жок экени айтылган. Жергиликтүү бийлик муну жабдууларды оңдоо, трансформаторлордогу күйүп кеткен өчүргүчтөрдү алмаштыруу, электр чубалгыларына тоскоол болгон бактарды кыюу менен түшүндүргөн.

ASIA-Plus басылмасындагы маалыматта электр жарыгы эскертүүсүз өчүрүлүүдө. Электр жарыгы калк үчүн эле эмес, соода түйүндөрүндө, чакан ишканаларда да өчүрүлгөн. Бохтар айылынын жана 102-кичи райондун тургундары күндүз электр жарыгы өчүп калганына нааразы болуп басылмага кайрылышкан.

Маалым болгондой, август айында Тажикстан 22,2 миллион доллардан ашык электр энергиясын экспорттогон. Ал эми сегиз айда электр энергиясын экспорттоодон 85,1 миллион доллардан ашык киреше тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан