Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация кечээ, 25-сентябрда Өзбекстанга расмий иш сапары менен жөнөп кетти.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, расмий сапардын алкагында төрага Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.