Дүйнө чемпиондугунда жаракат алган Мээрим менен Айпери Азия оюндарына барабы? Нурбек Изабеков жооп берди

Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жаракат алган Мээрим Жуманазарова Азия оюндарына катышпайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков билдирди.

Машыктыруучунун айтымында, 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарованын ордуна Нурзат Нуртаева барат. Ал эми Айпери Медет кызы 10 күн ичинде калыбына келе алса Азия оюндарына катышат.

"62 килограмм салмакка чейин Айсулуу Тыныбекова барат. Ал эми Айпери Медет кызы жаракат алып калган, 10 күн убактыбыз бар. 10 күндүн ичинде калыбына келүү процессин өткөрүп, Азия оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алат. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарованын жаракатына байланыштуу Нурзат Нуртаеваны ордуна коюп жатабыз", - деди Изабеков.

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда колунан жаракат алып, чейрек финалда күрөшпөй калган. Ал эми Айпери Медет кызы финалда күрөшүп жатып, бутун кайрып алган.

Азия оюндары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан