Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык жубайлар аман-эсен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан жарандын иниси Жазыгелди Ботобаев билдирди.
Анын айтымында дайынсыз болуп жаткан агасы менен жеңеси жумушунда эле иштеп жүрүшкөн. Телефондору бузулуп калгандыгына байланыштуу байланышка чыкпай калышкан.
"Агам менен жеңем байланышка чыгышты. Көрсө алар иштеген жеринде эле экен. Алар издөөдө жүргөндөрүн билишпептир. Жумушундагы чоңу кыргызстандык окшойт, ал сиздерден көрүп калып анан агам менен жеңеме айтыптыр. Ал жактан менин номурумду алып, анан чалды.
"Ушуга чейин эмнеге чалбадыңыз?" десем номурларыбызды жатка билбегендиктен чала алышпаганын айтты. Буюрса, баары жакшы, агам Кыргызстанга алган билетин кайра өткөрүптүр", - деди ал.
Буга чейин Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жубайлар дайынсыз болуп жатканы кабарланган.