Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык жубайлар дайынсыз жоголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан жарандын иниси Жазыгелди Ботобаев билдирди.
Анын айтымында, агасы менен жеңеси ашканада чогуу иштешчү.
"Дайынсыз болуп жаткандар агам анан жеңем. Алардын Санкт-Петербургда иштеп жүргөнүнө бир жылдан ашты. 22-сентябрь күнү агам Кыргызстанга учмак, жеңем ошол жакта калмак. Ошондон бери дайынсыз болуп жатат.
Агам акыркы жолу вотсаппка 19-сентябрда кириптир, ал эми жеңемдин телефону бузулуп калган, ал акыркы жолу 11-сентябрда кириптир. Ошондон бери дайынсыз болуп жатышат.
Экөө чогуу эле ашканада иштешчү. Иштеген жери деле үйлөрүнө жакын экен. Бирок кайсы метродо жашаарын даана билбейбиз. Агамдын Кыргызстанга келгени же калганы белгисиз. Мүмкүн документтери туура эмес болуп, полиция кармап кеттиби деп дагы ойлоп жатабыз", - деди ал.
Жогорудагы жарандарды тааныгандар же алар жөнүндө маалыматы барлар +79779479907 (вотсапп) кабарласа болот.