Ооганстандын валютасы күтүүсүздөн дүйнөдөгү эң тез өскөн валюталардын бирине айланды

"Талибандар" башкарып жаткан Ооганстандын улуттук валютасы күтүлбөгөн жерден дүйнөдөгү эң тез өскөн валюталардын бири болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башынан бери афгани 14 пайызга жакын өстү, анын натыйжасында Колумбиянын жана Шри-Ланканын улуттук валюталары менен катар өсүү темпи боюнча алдыңкы үчтүккө кирди.

Эксперттер бул көрүнүштүн негизги себептерин гуманитардык жардамдын миллиарддаган доллары жана азиялык коңшулар менен сооданын өсүшү деп эсептешет. Дагы бир себеби талибдер Ооганстандын ичинде доллар жана Пакистан рупиясы менен каржылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салганы болгон.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан