Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 миллион долларды түзгөн меморандумдарга кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын Чет элдик ишканалар ассоциациясынын колдоосу менен Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.
Ага ылайык, ишкердик кызматташуунун келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ал эми панелдик сессиялардын катышуучулары болсо Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын 10дон ашуун өкүлдөрү жана Кытайдын ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндөгү 80 компаниянын өкүлдөрү болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытай мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 миллион доллардан ашуун сумманы түзгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду:
– Кыргызмтпандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытайдын Чет өлкөлүк ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясы;
– Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Гуандун провинциясынын курулуш материалдары ассоциациясы;
– Экономика жана коммерция министрлиги менен Шандонг электрик технологиясы компаниясы;
– Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба кызматы менен China power international компаниясы;
– “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Шиндзи Шанхай өнөр жай корпорациясы;
– “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Дэарши компаниясы.
"Бакыт Төрөбаев бул иш-чаранын эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана эки мамлекеттин ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн маанисин белгиледи. Панелдик сессия ишкерлерге кызматташтыкты активдештирүүгө, ийгиликтүү жана жемиштүү G2B жолугушууларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү", - деп айтылат маалыматта.