Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасына таандык маданий борбордун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, жолугушууда төрага Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы алака жылдан-жылга өнүгүп жатканын эске салып, мында мамлекет башчыларынын тыгыз байланышы негизги ролду ойногонун кошумчалады.
“Чет жерде жашаган ар бир улутташыбыздын тагдыры кыргызстандыктардын жүрөгүндө, кыргыз бийлигинин көңүл чордонунда. Биз силерди унутпайбыз. Айрыкча, көп улуттуу боордош Өзбекстан мамлекети кыргыз жарандарына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоп келе жаткандыгы тууралуу кабарыбыз бар”, – деди Шакиев.
Ошондой эле маданий борбордун өтүнүчүнө ылайык, жакынкы аралыкта жасалгалуу кыргыз боз үйүн белек катары жөнөтөрүн убада кылды.
“Мындан тышкары, улуттук маданиятыбызды унутта калтырбай, этникалык кыргыздар арасында жайылтуу максатында 150дөн ашуун комузду да берип жиберебиз. Алар Өзбекстандагы кыргыз мектептерине таратылат ”, – деди ал.
Алсак, аталган өлкөдө кыргыз тилинде билим берген 51 мектеп бар.
Баарлашууда маданий борбордун өкүлдөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган өзбекстандык этникалык кыргыздар үчүн жыл сайын 100 орун бөлүнөрүн белгилеп, анын санын көбөйтүүнү өтүнүштү. Андан тышкары, жогорку окуу жайды бүткөндүгүн далилдеген дипломдордун эки өлкөдө тең бирдей таанылышын камсыздоо маселеси айтылды.
Муну менен катар кыргыз тилинде сабак берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргызстанда кайрадан окутуу мүмкүнчүлүгүн түзүү маселеси да көтөрүлдү.
Ал эми Жызак облусуна караштуу Манас айылынын тургундары Айкөл Манастын эстелигин аталган айылга орнотууга көмөктөшүүнү суранышты.
Өз кезегинде төрага ар бир айтылган сунуш-пикир эске алынарын жана аларды чечүү боюнча тийиштүү иштер жасаларын кошумчалады.
Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстанга расмий иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев менен да жолугушкан.
Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.