25-сентябрда Тоолуу Карабахтын борбору Степанакерттеги май куюучу станцияда болгон жарылуудан 125 адам каза тапты. Бул тууралуу Армения бийлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жардыруудан каза болгон 125 адамдын сөөгү Тоолуу Карабахтан Арменияга жеткирилгенин өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Анахит Аванесян билдирди. Анын айтымында, азыр Улуттук күйүк борборунда дагы 67 адам дарыланууда. Алардын абалы өтө оор деп бааланып жатканы айтылды.
Белгиленгендей, жаракат алгандардын айрымдары Тоолуу Карабахтагы орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн аскерий базасынын аймагындагы ооруканага, калгандары Армениядагы ооруканаларга жеткирилген.
Армениянын өзгөчө кырдаалдар боюнча элчиси Эдмон Манукян өлкө бийлиги жабыркагандарды эвакуациялоону уюштурууга аракет кылып жатканын билдирди. Манукян жабырлануучулардын мынчалык көп болушу жарылуу маалында унаасына май куюу үчүн бир нече жарандын кезекте турганы менен түшүндүргөн.
Эске салсак, буга чейин Тоолуу Карабахтын борбору Степанакерттеги май куюучу станцияда болгон жарылуудан 200дөн ашык адам жабыркаганы айтылган. Жарылган май куюучу станция Карабахтан Арменияга кетип жаткандарды бензин менен камсыз кылган.