Былтыр "Кумтөрдөн" 17,5 тонна алтын казылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 986,5 миллион доллар өлчөмүндө киреше алган, ишкананын отчёттук мезгилдеги таза кирешеси 371,7 миллион долларга жеткен. Бул 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108,9 пайызды түзөт.
Өткөн жылы ишкана өлкө бюджетине салык, Социалдык фондго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөрү 385 миллион долларды түзгөн.
Салык төлөмдөрүнөн тышкары, Кумтөр төмөнкүдөй милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзгөн: