Күзүндө кандай тамактануу керек? Нутрициолог жооп берет

SUPER.KG порталына нутрицолог Үмүт Орозбекова күз мезгилинде ден соолукту чыңдап, иммунитетти бекемдөө үчүн кайсы тамактар пайдалуу экенин айтып берди.

Сыртта күн сууктап калды. Мындай учурда баарыбыз эле майлуу тамактарга ыктап баштайбыз. Негизи күзүндө кандай тамактанган туура жана рациондо эмнелер болушу керек?

Туура тамактануу бардык адам үчүн керек. Салматтыгыбыз дагы тамактануубуздан түздөн-түз көз каранды. Ал эми мезгил алмашып, күн суутуп баштаганда иммунитет бир аз начарлап баштайт. Ал учурда биз рационго эмнелерди кошушубуз керек? Жайында жашылча-жемиштерге басым жасасак, күзүндө балансталган тамак-ашка көңүл бурушубуз шарт. Анткени, жайында жеген жеңил тамактар күзүндө организмди активдүү жашоого керектүү энергия менен камсыз кылбай калат. Ошондуктан рациондо эт, тооктун эти, балыктын эти, сүт азыктары болушу керек. Мындан сырткары, энергия берип, иммунитетти көтөрүү үчүн углеводго бай азыктарды да колдонуу сунушталат. Ал үчүн буурчактын түрлөрүн жана нанды пайдаланган туура болот. Мындай аба ырайында организмге май керектелет. Туура тамактанууда "майды колдонууга болбойт" деген түшүнүк жок. Аны жетиштүү деңгээлде колдонуу иммунитетти көтөрүп, энергия берет.

Демек күзүндө ооруп калбоо үчүн туура тамактануунун орду чоң турбайбы?

Туура айтасыз. Негизи күз мезгили организмдин күчүн текшерет деп айтсак болот. Бул убакытта суук тийип, стресс болуп, витаминдердин жетишсиздиги, инфекциялардын кол салышы сыяктуу көрүнүштөр иммунитеттин табигый төмөндөшүнө алып келет. Иммунитетти калыптандырууда жана кышкы суукка организмди даярдоодо тамак-аш, албетте маанилүү. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, күз эксперименттердин жана диеталык чектөөлөрдүн убактысы эмес. Андыктан спорт менен машыгып, жакшы тамактанууну сунуштайт элем.

Организмди чыңдоодо күзгү жемиштер жана жашылчалардын да орду чоң болсо керек?

Албетте. Күздүн негизги жемиштери - апельсин, мандарин, алма, жүзүм, анар, алма жана алмурут. Алардын бардыгы даамдуу жана антиоксидант азыктарга бай. Углеводдордун табигый булагы да дал ушул азыктарда. Ошондой эле ашкабак, цукини, баклажан, брокколи, капуста, сабиз, картошка, козу карын жана башкалар ушул мезгилде негизги орунду ээлейт. Күз ошондой эле жаңгактардын да мезгили болуп саналат. Андыктан каштан, жаңгак, бадам жана жер жаңгакты жеп туруу сунушталат.

Эрте мененки, түшкү жана кечки тамакта эмнелерди эске алуу керек?

Эрте мененки тамак абдак маанилүү. Анткени, мындан күн сайын биз кандай энергияда жүрө турганыбыз көз каранды. Андыктан таңкы тамакка сөзсүз көңүл буруу керек. Мында жумуртка, кашанын түрлөрү, салаттар, атайын даярдалган ширелер сунушталат. Ал эми түшкүсүн балансталган тамактарга басым жасоо керек. Кечинде болсо жеңил тамактанган туура болот. А бизде тескерисинче да, күчтүү тамактын баарын кечкиге калтырабыз. Мындайда организм тамакты сиңире албай кыйналат.

Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан