ЭЛДИК КАБАРга жооп: Таракан баскан оорукананын башкы дарыгери жооп берди (видео)

Буга чейин окурман порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкектин №3 балдар ооруканасынын ашканасында таракандар жүргөндүгү тууралуу кабарлаган.

Бул боюнча бүгүн, 27-сентябрда №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн ашканасын кабар алып, тазалаттырды.

"Сиздерге кайрылган окурмандын видеосу боюнча ашкананы тазалаттырдык. Биз ай сайын оорукананын бардык жерин дезинфекциялап турабыз. Мындан бир ай мурда оорукананын үч кабатын тең тазалатып чыкканбыз. Азыр сиздердин кайрылууңуздар боюнча дагы ашкананын бардык жерин, ошондой эле эмеректерди да тазалатып, дезинфекциялап чыктык. Имарат эски болгондуктан тазалаткан сайын таракандар чыга берет экен", - деди башкы дарыгер.

Таракан баскан оорукананын башкы дарыгери жооп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан