Жалал-Абад облусундагы Кашка-Терек-Катраңкы унаа жолунун 17+500-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Көчкү бүгүн, 27-сентябрь күнү таңкы саат 6лар чамасында жүргөн. Көлөмү болжол менен 150 миң метр кубга жетти деп айтылууда.
“Учурда Транспорт министрлигинин № 52 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Жолдун аталган бөлүгүндө унаалардын топтолушу байкалган жок”, - деп айтылат билдирүүдө.