"Жаан жаайт". Бейшембиге карата аба ырайы

Эртең, 28-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус,

Талас дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23 даража,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26га чейин жылыйт.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Нарын жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 жылуу болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан