Азия оюндары: Кыргызстандык мушкер чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 27-сентябрда Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бокс боюнча беттештер өтүп, Кыргызстандын атынан Аскат Култаев күч сынашты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, 63 килограмм салмак даражасында күч сынашкан Аскат Култаев 1/8 финалда индиялык мушкерди жеңип, чейрек финалга чыкты.

Буга чейин ал 1/16 финалда Сауд Арабиядан келген атаандашын 2-раундда нокаут менен жеңген.

Белгилей кетсек, учурда Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өтүүчү Азия оюндары болуп жатат. Спорттук иш-чара 23-сентябрдан 8-октябрга чейин болмокчу. Ага 40тан ашык өлкөнүн спортчулары катышууда.

Ал эми кечээ, 26-сентябрда аталган иш-чарадагы алгачкы медалды Эрлан Шеров алып келди. 90 килограмм салмакта беттешкен дзюдочу финалда былтыр дүйнө чемпиону болгон өзбекстандык спортчу Давлат Бобоновду жеңип, алтын байгеге ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан