Кыргызстандагы бардык аймактардын, жер-суулардын аттары кыргызча аталышы керек. Мындай пикирди бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
Эл өкүлү коңшу Тажикстан жакында эле 5 миңге жакын жер-суулардын аталышын өз тилинде атоо боюнча чечим кабыл алганын айтты.
"Тажикстандагы кыргызча аталган тарыхый аймактарды да тажик тилине которуп алышты. Өлкөдөгү бардык жер-суу, жайыт, айылдардын аталышын кыргызчалаш керек. Биз дагы чек арага жакын аймактагы тажикче аталган айылдарды кыргызчалайлы. Саясий чечим кабыл алалы, бул мезгилдин талабы", - деди Токтошев.