Төрага баштаган парламенттик делегация Ташкенттеги Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Алсак, 104 гектар аймакты ээлеген аталган Технопарк 2019-жылы негизделип, азыркы тапта беш миңден ашуун адам эмгектенет. Өндүрүштүк жайдан үй тиричилик буюмдары жана курулуш материалдары чыгарылып, алар өлкө ичинде жана чет мамлекеттерге сатылат. Тагыраагы, өткөн жылы 400 миллион долларга барабар товар өндүрүлүп, анын 100 миллион долларга барабар бөлүгү чет өлкөгө экспорттолгон.

Мындан тышкары, төрага IT парктын да ишмердүүлүгү менен таанышып, андагы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыкты. Белгилүү болгондой, Өзбекстандагы санариптештирүү жаатындагы долбоорлордун бардыгы аталган IT парктын көмөгү менен ишке ашырылат. Андан тышкары, былтыр IT тармагына тиешелүү 300 млн долларлык товар чет өлкөгө чыгарылып, 2030-жылы анын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү максатталган.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жогору баасын берген төрага Нурланбек Шакиев ааламдашкан доордо IT тармагы өтө маанилүү экенин белгилди.

“Бардык өлкөнүн башкаруу саясаты сөзсүз түрдө санариптештирилип, толугу менен заманбап багытта өнүгүшү кажет. Бул жаатта Кыргызстан менен Өзбекстан да жигердүү кызматташып, санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуусу зарыл”, – деди ал.

Эскерте кетсек, ушул тапта Нурланбек Шакиев баштаган парламенттин мүчөлөрү Өзбекстанда иш сапар менен жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан