Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы 280 орундуу бала бакчанын курулушуна конкурс жарыялады

Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы конкурс жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушундагы 280 орундуу бала бакчанын курулушуна конкурс жарыялады.

- жер участогунун аянты- 1,6 гектар;

- имараттын аянты- 2700 чарчы метр;

- сметалык наркы 218 миллион 229 миң 539,94 сом;

Ага ылайык, объектилердин курулушу шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

"Урматтуу жарандар жана ишкерлер! Сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан