Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жараткан балбандарды кабыл алды.
Депутат менен жолугушууга Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана балбандардын агайлары катышты.
Жолугушууда Шаирбек Ташиев балбандарга акчалай сыйлык тапшырса, агайларга диплом ыйгарып, калпак кийгизди.
"Дүйнөнү дүңгүрөтүп, Кыргызстандын желегин желбиреттиңиздер. Сиздердей уул-кыздарыбыз көбөйө берсин, өсүп келе жаткан улан-кыздарыбызга үлгү болуп жүрө бериңиздер. Агайлар сиздерге ырахмат", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал балбандарга акчалай сыйлык тапшырып жатып, "Жоламандын сальтосу эле сонун да" деди.